Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 13:37
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Жээнбек Кулубаев Кытайдын элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды

27.01.2025 16:31
131
Жээнбек Кулубаев Кытайдын элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды


Бүгүн, 27-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.


Ведомстводон билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев Кытайдны элчисин жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандагы жаңы дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады. Ал кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоо үчүн Кытайдын Бишкектеги элчилиги менен Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.


Ошондой эле министр Лю Цзянпин эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга олуттуу салым кошот деп ишенерин белгиледи.


Өз кезегинде, Лю Цзянпин Жээнбек Кулубаевге Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И нин саламын жолдогонун билдирди.


Муну менен катар, Кыргызстан жылуу кабыл алганына ыраазычылык билдирип, мындан ары эки тараптуу мамилелерди жана кытай-кыргыз достугун жана коңшулук алаканы чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларга, ошондой эле саясий жана соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-кытай мамилелеринин абалын жана келечегин талкуулашты. Көп тараптуу форматтардын алкагында өз ара аракеттенүүгө жана Кыргызстанда биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн