Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Жээнбек Кулубаев Минскте КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

11.04.2024 14:28
203
Жээнбек Кулубаев Минскте КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 12-апрелде иш сапары менен Минскке барат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Анда министр Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибинде жана шериктештиктин алкагында өз ара аракеттерди , КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилген долбоорлорду чечүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КР тышкы иштер министри Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин жетинчи жолугушуусуна катышууну пландап жатат. Ал КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинен кийин өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн