Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 22:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жээнбек Кулубаев ТМУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынына катышты

17.03.2023 12:10
276
Жээнбек Кулубаев ТМУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынына катышты

Анкара шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТМУ) кезексиз жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин алдында өткөн ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын жыйынында уюмдун ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыттары жана түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрлер Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөлөрдүн кесепеттерин тез арада жоюу жана табигый кырсыктарга каршы туруу максатында мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту, анын ичинде ТМУнун аймагында өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу каралды.

Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө, жер титирөөлөрдүн натыйжасында курман болгондорго жана кыйроолоруна байланыштуу түрк элине жана Түркия өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, институционалдык да, уюштуруучулук жактан да кырсык коркунучун башкаруу аспектилери бекемдөө боюнча иш-чаралардын комплексин кабыл алууну жактады.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталган документтер боюнча макулдашты, ошондой эле ТМУ ишмердүүлүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн