Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 08:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Жээнбек Кулубаев ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат

07.10.2025 10:22
134
Жээнбек Кулубаев ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат


Бүгүн, 7-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, жыйын “Аймактык тынчтык жана коопсуздук” темасында ѳтүп, учурдагы геосаясий кырдаалды талкуулоо жана түрк мамлекеттеринин коопсуздук, тышкы саясат жана аймактык өнүгүү чөйрөлөрүндө кызматташуусун бекемдөө үчүн маанилүү аянтчаны түзөт.


Жыйында министрлер мамлекет башчыларынын алдыда боло турган саммитинин күн тартибин талкуулап, ТМУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешине кол коюуга сунуштала турган жыйынтыктоочу документтерди бекитишет.


Ошондой эле ТМУ алкагында саясий диалогду бекемдөөгө жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн