Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:27
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушту

08.04.2024 13:06
209
Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушту


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, өз ара соода тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, Улуу Британиядан инвестиция жана технологияларды, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдарды тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун негизги багыттары боюнча өз ара диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн