Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:38
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жээнбек Кулубаев Япониянын тышкы иштер министри менен жолугушту

22.09.2022 14:06
736
Жээнбек Кулубаев Япониянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Япониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаясинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, тажик тарабы бул жолу кыргыз жергесин ШКУнун саммити ѳтүп жаткан учурда соккуга алганын ѳкүнүч менен билдирди.


"Натыйжада Кыргызстандын 140 миңге жакын жараны жашаган жеринен качууга мажбур болушту. Кыргыз тарабы оор адам жоготууларына дуушар болду. Социалдык инфратүзүм объектилери, анын ичинде былтыркы апрелдеги коогалаңдан кийин кайра тургузулгандары да кыйроого учурады. Кыйроолордун кесепетинен Кыргызстан ѳлкѳнүн бюджетинен ири каражаттарды бѳлүүгѳ аргасыз болуп жатат", - деди ал.


Министр Тажикстандын кол салуусунан улам кыргыз тарабы жооп кайтарууга мажбур болгонун, бирок, Кыргызстандын бул аракеттери коргонуу иретинде гана жасалганын айтты. Министр ошондой эле Кыргызстан Тажикстан менен болгон маселелерди саясий дипломатиялык ыкмалар менен тынчтык сүйлѳшүүлѳр аркылууга гана чечүүнү дайым жактарын билдирди.


Мындан тышкары, тараптар кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалын талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө отуз жылдын ичинде жетишилген ийгиликтерди канааттануу менен белгилешти.


Министр Ж.Кулубаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Япония өкмөтү Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу Кыргызстанда социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келе жатканын өзгөчө белгиледи.


Мындан ары инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, Кыргызстандын аймактарынын өнүгүшүнө салым кошкон «Бир айыл – бир продукт» долбоорун мамлекеттик деңгээлде кеңейтүүгө, ошондой эле JDS долбоорунун алкагында билим берүү жана өлкөнүн кадрдык ресурстары тармагында өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендиги баса белгиленди.


КР ТИМ башчысы эки тарапты кызыктырган маселелердин бардык комплекси боюнча, атап айтканда, экономика, соода, инвестиция жана өнөр жай тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча мындан ары тыгыз иш алып барарына ишеним билдирди.


Алар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, «Борбор Азия + Япония» диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн жана маанисин баса белгилешти.


Тараптар Кыргызстан менен Япония үчүн юбилейлик жылда жогорку деңгээлдеги сапарларды, ошондой эле экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.


Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар кыргыз-япон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелери боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы каалоолорун ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн