Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жээнбек Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту

06.09.2023 14:09
181
Жээнбек Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту


Бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, тараптар Уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөө боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы 2023-жылдын төртүнчү кварталында Минск шаарында өткөрүлүшү пландалган Жааматтык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңеши, Коргоо министрлер кеңеши жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, министр Кыргызстандын ЖККУнун алкагындагы натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгына кызыкдар экенин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн