Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 13:18
USD
84.70
85.20
EUR
92.60
93.60
RUB
0.880
0.925

Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Москвага барды

07.10.2024 11:25
10
Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Москвага барды


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-октябрда өтө турган КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибинин жана шериктештиктин форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашат.

Ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдердин долбоорлору каралат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн