Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жээнбек Кулубаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

19.09.2024 12:17
228
Жээнбек Кулубаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, эки өлкөнүн ТИМ башчылары тар курамда өткөн сүйлөшүүлөрдөн соң, кеңейтилген курамда жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле алар Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Венгриянын эки тараптуу алакасынын келечегин жана экономикалык кызматташтыгын талкуулайт.

Эскерте кетсек, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн