Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жээнбеков Афганистан президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

26.03.2020 18:32
806
Жээнбеков Афганистан президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Афганистан Ислам республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар региондо коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында мындан ары дагы өз ара аракеттешүүгө даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Ашраф Ганиге Чоң жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы тереңдетүүгө кызыкдарлыгын белгилешти.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн