Бүгүн, 9-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Никол Пашинянга тез арада толук сакайып кетишин каалады.
Ошондой эле эки өлкө лидерлери коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар, өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара кызматташуусун талкуулашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн