Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында онлайн режиминде чыгып сүйлөйт

21.09.2020 15:56
1094
Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында онлайн режиминде чыгып сүйлөйт

Бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйыны болот.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан президент Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт. Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биоартүрдүүлүк боюнча саммитинде видео кайрылуу жасайт.

Маалымат үчүн: Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл  Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн