Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 03:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы жалпы дебатта видеокайрылуу менен чыгат

23.09.2020 17:02
902
Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы жалпы дебатта видеокайрылуу менен чыгат


Бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын жалпы дебаттар алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү трансляцияланат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда демократиялык институттар менен коомчулукту бекемдөөгө багытталган реформаларды жылдырууга, экономиканы, социалдык секторду өнүктүрүү боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чараларга токтолот. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы пандемиясы маалындагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле ал эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү сыяктуу глобалдык мүнөздөгү маселелер тууралуу айтат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде берилет.

БУУ Башкы Ассамблеясынын 75-мааракелик сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы алкагында президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Биоартүрдүүлүк боюнча саммитте видеокайрылуу жасайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн