Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 16:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жээнбеков Бельгия Королу Филиппти Королдук ант берүү күнү менен куттуктады

21.07.2020 11:05
1143
Жээнбеков Бельгия Королу Филиппти Королдук ант берүү күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгия Королу Филиппти Королдук ант берүү күнү — Бельгия Королдугунун улуттук майрамы менен куттуктады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү жана Бельгия Королдугу башынан өткөргөн оор сыноолорго карабастан, Бельгия Королдугунун эли учурдагы пандемияга туруштук берет деп ишенебиз. Ошол эле учурда мен Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугу менен түзүлгөн достук мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендигин белгилегим келет», — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Король Филиппке бекем ден соолук, узак өмүр, ал эми Бельгия элине ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн