Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жээнбеков: Билим берүү тутумун санариптештирүү мурдагыдан да актуалдуу болуп калды

22.07.2020 15:30
980
Жээнбеков: Билим берүү тутумун санариптештирүү мурдагыдан да актуалдуу болуп калды


Август айынан баштап мугалимдер үчүн онлайн-форматта окутуу боюнча вебинарлар башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөргөн онлайн кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликте педагог-практиктерден, эксперттерден, менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш азыркы түзүлгөн кырдаалда билим берүү процессин уюштуруу боюнча чечимдерди жана сунуштарды иштеп чыгуу менен алектенип жаткандыгын маалымдады.

Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте эпидемиолог, инфекционист, вирусолог, пульмонолог адистиктери боюнча бир багыттуу профилдөөгө бюджеттик квоталарды көбөйтүү боюнча иштер башталгандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков оорунун жайылуусу жүргүзүлүп жаткан ишке таасирин тийгизбеши керектигин белгиледи. Пандемиядан улам келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү менен биргеликте келечекте билим берүү тутумун өркүндөтүү маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Өлкөнүн негизги байлыгы жарандар экенин, мамлекеттин милдети жаш муундардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү экендигин өзгөчө белгиледи.

Жээнбеков коронавирус пандемиясынын шартында билим берүү тутумун санариптештирүүнүн мааниси мурдагыдан да актуалдуу болуп калгандыгына токтолду.

Учурдагы түзүлгөн кырдаалдан максималдуу тажрыйба топтоого, заманбап, алдыңкы технологияларды колдонуу менен санарип билим берүүнү өркүндөтүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн