Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жээнбеков: Чаржайытка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек

06.07.2020 15:26
1276
Жээнбеков: Чаржайытка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында ыктыярчылардын координациясын күчөтүү керектигин белгилеп, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу маселесине токтолду.


Бүт дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штабга, мага айтып, зарыл болсо коңгуроо кагып, маселелердин ыкчам чечилишин талап кылууга милдеттүүсүз, - деп белгиледи президент.


Ал белгилегендей, дарыгерлер 24 саат бою иштеп жатып, тамак-аш менен да өздөрүн өзү камсыз кылып жатканына жол берилбеши керек. Мындай чаржайытка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр калктын саламаттыгы үчүн күрөш жүрүп жатканда кимдир бирөөнү аяй турган мезгил эмес.


Медиктерге тамак-аш, медициналык жабдуулар, тез жардам унаасын сатып берем деген мекендештерибиз кайрылууда. Республикалык штаб ошол ыктыярчыларыбыздын башын бириктирип, сунушталып жаткан жардамды бюрократия кылбай кабыл алып, кайра элге ыкчам жеткирүү керек. Биз дин элде алам дегенден берем дегендер көп экени кубандырат", — деп белгиледи мамлекет башчысы.


Ал медиктердин айлык акысы өз маалында, үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.


Президент күзгү-кышкы мезгилге, сезондук илдеттерге, жер-жерлердеги ооруканаларды жабдууга өз маалында даярдыктарды көрүүгө көңүл бурду.


Жалпы саламаттыкты сактоонун санарип системасы маселелерине токтолуп, азыркыдай шартта Саламаттыкты сактоо министрлиги Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен биргеликте уюлдук операторлордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен бейтаптарды ыкчам жаткыруу, бардык колл-борборлордун ишмердигин синхрондоштуруу үчүн Бишкектеги ооруканалардын санарип карталарын ыкчамдатууга чакырды.


Мамлекет башчысы Республикалык штабды дары-дармектердин рыногунда, бет кап жана коргоочу каражаттардын жетишсиздигин алдын алуу үчүн чараларды көрүүгө жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн