Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:08
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жээнбеков: Эл арасында „бул партия президенттин колдоосун алыптыр, мандат алып берет экен“ деген сөздөрдү угуп жатам

30.06.2020 14:13
1060
Жээнбеков: Эл арасында „бул партия президенттин колдоосун алыптыр, мандат алып берет экен“ деген сөздөрдү угуп жатам


Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатат. Биз шайлоо эрежелеринин алдын ала белгилүү жана туруктуу болуусуна жетишүү максатында эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделсин, андан кийин өзгөртүүлөр киргизилбесин деген убадабызды аткардык, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтуусунда, боло турган шайлоого укук жагынан сапаттуу даярдык көрүлдү. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирди.

Шайлоо адилеттигин добуш берүү жана аларды эсептөө учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылуу аракети жүрдү.  

Ал белгилегендей, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча мыйзамды кабыл алып беришти.

Бул мыйзамдар алдыдагы шайлоо өнөктүгүнүн адилеттигин жана сапатын жакшыртуу үчүн жасалган чоң кадам болот.

Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм. Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт. Эл арасында „тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен“ деген сөздөрдү угуп жатам. Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн. Бирок, президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок”, - деп билдирди Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн