Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жээнбеков: «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын 40 млрд сомго көбөйтөбүз

01.08.2020 15:15
1173
Жээнбеков: «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын 40 млрд сомго көбөйтөбүз


«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын биринчи каржылоо фонду быйыл 14 млрд сомго пландалса, 2021-жылы бул сумманы 40 млрд сомго чейин көбөйтөбүз, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде.

Анын айтымында, бул боюнча тиешелүү финансылык каржы институттары менен иштер жүрүп жатат. Ошол жактан дагы каражаттар тартылат. Программанын алкагында коммерциялык банктарга Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд сом бөлдү.

“Бул каражаттарды көбү сурап атпайбы, кайда кетет деп. Бул программанын алкагында биринчи жеңил өнөр жайы, туризм, фармацевтика өнөр жайы, жүк ташуулар, өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларына өзгөчө басым жасайбыз. Ушул каражаттарды биз жумушчу орундарды түзүп, айрыкча экспортко чыгып аткан ишкерлерди, ишканаларды жана импорттун ордун толтуруп аткан ишканаларга жумшайбыз. Бул боюнча иш токтобойт, көзөмөлүмдө болот. Мен дагы өкмөткө жардам берип, финансы булактарын сырттан издөө боюнча иштерди жүргүзүп атам. Буюрса, биздин ишкерлерди колдоо фондуна каражат топтоп, ошол койгон максатыбызга жетебиз”, - деп белгиледи өлкө башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн