Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жээнбеков Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтууда, көйгөйлөрдү чечүүдө Дүйнөлүк банктын ордун жогору баалады

05.08.2020 14:49
917
Жээнбеков Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтууда, көйгөйлөрдү чечүүдө Дүйнөлүк банктын ордун жогору баалады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-августта Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар менен өлкөдөгү анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Мамлекет башчысы Болормаа Амгаабазарга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары жигердүү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстандын социалдык-экономикалык дараметин бекемдөөдөгү айрыкча, өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кризистик мезгилдеги жеке салымын белгиледи.


«Сиз Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө сезилерлик салым коштуңуз. Аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жана балдарды колдоого байланыштуу Кыргызстандын стратегиялык демилгелерин колдогонуңуз үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирем», - деп белгиледи президент.


Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтууда жана социалдык курч көйгөйлөрдү чечүүдө Дүйнөлүк банктын ордун жогору баалады.


Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргызстандын калкы үчүн маанилүү болгон «Таза суу» жана ирригация түйүндөрүн жакшыртуу программаларынын алкагындагы долбоорлор, ошондой эле инфратүзүмдөрдү жана өлкөнүн энергетикалык потенциалын өркүндөтүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.


Болормаа Амгаабазардын сиңирген эмгегин эске алуу менен президент ага мамлекеттик сыйлык - Ардак грамотасын тапшырды.


Болормаа Амгаабазар колдоо жана кызматташуу үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстандагы өзүнүн миссиясын өтөгөн мезгилде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда колдоо таап, өлкө жетекчилиги менен жемиштүү кызматташканын белгиледи.


«Кыргызстандагы ишмердүүлүгүм учурунда биз биргелешип 20га жакын долбоорду аягына чыгардык. Мага бул жерде иштөө абдан ыңгайлуу болду, себеби Кыргызстан көп жагынан менин мекеним - Монголияга окшош. Мен Кыргызстанга сөзсүз кайтып келем», - деп айтты Болормаа Амгаабазар. Ошондой эле ал ишке ашырылуусу Кыргызстанга пайда келтире турган үч жаңы долбоорду ратификациялоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.


Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков Болормаа Амгаабазарды Дүйнөлүк банктын Индонезиядагы кеңсесине жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан ары жигердүү кызматташууга үмүт артаарын билдирди.


Маалымат үчүн: Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүн 2017-жылдын августунан тартып, 2020-жылдын августуна чейин башкарган.

Болормаа Амгаабазардын жетекчилиги астында 2019-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктүн алкактык программасы даярдалган, жалпы суммасы 442,2 млн АКШ долларын түзгөн 13 инвестициялык долбоор Аткаруучу директорлор кеңеши тарабынан даярдалган жана жактырылган. Аталган сумманын 21,2 млн АКШ доллары COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү үчүн чукул жардам катары берилген.

Болормаа Амгаабазар ошондой эле Кыргызстан менен донор коомчулугунун ортосунда активдүү өнөктөштүктү орнотууда 2019-жылдын ноябрь айындагы Жогорку деңгээлдеги донордук форум учурунда донорлор тарабынан теңтөрайымдардын бири катары маанилүү ролду ойногон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн