Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жээнбеков: Кыйынчылыктарга карабастан экспорттук потенциалды колдоону унутпаш керек (фоторепортаж)

16.07.2020 17:27
916
Жээнбеков: Кыйынчылыктарга карабастан экспорттук потенциалды колдоону унутпаш керек (фоторепортаж)


Коронавирус  пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоону унутпаш керек, деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун жүрүшүндө.

Президденттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы осетр икраларын, форелден ар кандай продукцияларды жана чала фабрикаттарды өндүргөн «Аква Сервис» ЖЧКсы ишканасына барды. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, ошондой эле Россия жана Казакстан рынокторуна дагы экспорттолот.

Ишкананын жетекчиси Ренад Досаев КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин алдында түзүлгөн өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү болуп саналат.

 Ал өлкөдөгү балык чарбасынын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

 «Аталган комитет өлкө экономикасынын бардык чөйрөсүнө, анын ичинде балык чарбасына сезилерлик колдоо көрсөтүп келе жатат. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалды. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан балык чарбасын колдоого жакшы көңүл бурулуп жатат, андан улам бүгүнкү күндө Кыргызстан региондо форель балыгын негизги ташуучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат», - деп белгиледи Ренад Досаев.

Кыска убакыттын ичинде анын чарбасы балык өстүрүүнү 50 тоннадан 5 миң тоннага чейин көбөйтүүгө жетишкен.

Мамлекет башчысы мамлекет мындан ары дагы аймактардагы экспортко жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган ишкерликти өнүктүрүүгө жана өндүрүштү кеңейтүүгө көмөктөшөрүн баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков бизнес менен диалог ар түрдүү аянтчаларда, анын ичинде бизнестин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда диалог аянтчасы болууга багытталган КР Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин алкагында да активдештирилерине ишендирди.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн