Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жээнбеков: Коррупцияга аралашкандар кызматына, наамына карабай жазасын алат

20.05.2020 14:29
1209
Жээнбеков: Коррупцияга аралашкандар кызматына, наамына карабай жазасын алат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Өлкөдөгү коррупцияга каршы багытталган чаралар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу боюнча пландуу иштерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мамлекеттик органдардагы коррупциялык тобокелдиктердин жаралышына өбөлгө боло турган көрүнүштөрдүн бардыгын толук жок кылганда гана коррупциянын азайгандыгы жана мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу кеп кыла алабыз. Антикоррупциялык заманбап механизмдерди ишке киргизүү жана аларды дайыма колдонуу иштери токтоп калбашы керек. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн так иштелип чыккан бир бүтүн тутуму гана бул зыяндуу көрүнүштөн арылууга жардам берет», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендиктерине карабастан, тийиштүү жазасын алышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечимин ишке ашыруунун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы көз карандысыз серепчилер менен тыгыз кызматташтыкта Кыргызстандагы коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жок кылуу боюнча 2020-2024-жылдарга карата жаңы мамлекеттик стратегиясынын болжолдуу жумушчу долбоорун иштеп чыккандыгы тууралуу билдирди.

Аталган долбоор 2020-жылдын 11-майында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Башкы прокуратуранын жана Жогорку соттун кароосуна жиберилген.

«Стратегиянын иштелип чыккан долбоору бүгүнкү күндүн чакырыктарына жана коркунучтарына жооп берет, мамлекеттик органдардагы бардык коррупциялык көрүнүштөр менен системдүү күрөшүүгө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү караштырат. Ал өлкөнүн антикоррупциялык тийиштүү саясатын күчтөндүргөн бир катар жаңы тартиптерди эске алат», - деди Дамир Сагынбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн