Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жээнбеков Кувейттин Эмирине агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

01.10.2020 09:47
827
Жээнбеков Кувейттин Эмирине агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Эмирине телеграмма жолдоп, анда шейхтин агасы Сабах Аль- Ахмед Аль-Жабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

«Улуу Урматтуу шейх, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман шейх Сабах Ас-Сабахтын үй-бүлөсүнө жана жалпы Кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан Кудай анын жакшы иштерин кабыл кылсын. Бул Ас-Сабахтын жакындарынын же Кувейт элинин эле жоготуусу эмес, бул — бүткүл дүйнө жүзү үчүн эң чоң жоготуулардын бири», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Сабах аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах 92 жашында АКШда дарылануу учурунда каза болгон. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн