Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жээнбеков Ливанда жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу президентине көңүл айтты

05.08.2020 13:28
858
Жээнбеков Ливанда жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу президентине көңүл айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков Ливан Республикасынын президенти Мишель Аунга Бейрут шаарындагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.


«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ливандын борбору Бейрут шаарында болуп өткөн кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз эли каза болгондордун жакындарына кайрат айтат жана алардын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Бардык жабыр тарткандардын тез сакайышын тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн