Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жээнбеков Лукашенкону Беларусиянын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

03.07.2020 19:30
1048
Жээнбеков Лукашенкону  Беларусиянын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков  Беларусь президенти Александр Лукашенкону  мамлекеттик майрам — Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ар кайсы тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын оң динамикасын, аймактык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүк кызматташуунун жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн элинин бакубаттуулугу үчүн биргелешкен күч-аракеттер менен мындан аркы кыргыз-белорус мамилелердин жалпы комплексин кеңейтүүнү камсыз кылаарыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Беларус элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн