Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:19
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жээнбеков: Мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок

10.07.2020 09:07
1838
Жээнбеков: Мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда эл арасында эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер «жеп койду» деген сөз бар экенин билдирди.

Мамлекет башчысы бизде ачык коом экенин жана чет өлкөдөн келген каражаттардын чыгымдалышы тууралуу өкмөт элге ачык маалымат берерин баса белгиледи.

«Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен биргеликте өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн