Бүгүн, 3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Сооронбай Жээнбеков ошону менен катар Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Буга чейин, 1-июлда Владимир Путинге Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшүнө карата куттуктоо телеграммасы жөнөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн