Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жээнбеков Судьялар кеңешинин төрагасы Атаназаровду кабыл алды

21.05.2020 17:38
929
Жээнбеков Судьялар кеңешинин төрагасы Атаназаровду кабыл алды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Судьялар кеңешинин учурдагы ишмердүүлүгү, анын ишин жана жалпы эле сот системасын жакшыртуу боюнча кабыл алынган чечимдер жана белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Судьялар кеңешинин азыркы курамынын биринчи жыйынынан (2019-жылдын 18-марты) тарта 22 жыйын өткөрүлүп, 74 чечим, анын ичинде судьяларга квалификациялык класстарды ыйгаруу боюнча, судьялардын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө, ошондой эле сотторду, судьяларды жана сот системасындагы башка органдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоого тиешелүү болгон чечимдер кабыл алынгандыгы белгиленди. 

Нурлан Атаназаров өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын алкагында Судьялар кеңешинин ишмердигиндеги бир кыйла маанилүү багыттардын бири соттор менен судьялардын ишмердигине тиешелүү ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана иштеп чыгуу болуп саналаарын айтты. 

Мисал катары ал судьялардын штаттык санын оптимизациялоо боюнча мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө байланыштуу кеңеш тарабынан судьяларды которуу жөнүндө жобо иштелип чыккандыгын билдирди.

Ошондой эле ал соттук-укуктук реформанын алкагында соттук актылардын реалдуу, толук, өз маалында камсыздалышы аркылуу сотторго ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку Соттун түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилип, эки өз алдынча бөлүм түзүлгөнүн баса белгиледи. 

Мамлекет башчысы судьялар коомчулугунун кызыкчылыгын жактаган орган катары Судьялар кеңешине судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана эмес, жалпы эле сот тутумунун ишин жакшыртуу, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун, анын ичинде алардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындык талаптарын аткаруусун камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн айтты.

Сооронбай Жээнбеков судьялар тарабынан өздөрүнүн кирешелери жана чыгымдары жөнүндө толук декларациялоо боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн