Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жээнбеков: Жыпар Жекшеевдин басып өткөн жолу келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк (некролог)

21.07.2020 13:26
1166
Жээнбеков: Жыпар Жекшеевдин басып өткөн жолу келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк (некролог)


Бүгүн, 21-июлда 73 жаш курагында коомдук жана мамлекеттик ишмер Жыпар Жекшеев оруудан дүйнөдөн кайтты. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бир катар мамлекеттик жана саясий ишмерлер маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Жыпар Жекшеевич Жекшеев 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн.

1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Жыпар Жекшеев башка активисттер менен бирге Кыргызстандагы кайра куруу жылдары пайда болгон демократиялык уюмдардын түзүлүшүнүн башатында турган. 1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиялык уюмдардын бири болгон «Ашар» козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылынын теңтөрагалыгына шайланган. 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.

1993-жылы Жыпар Жекшеев «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Жыпар Жекшеев 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2005-жылдын 24-мартындагы саясий окуялардан кийин Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2007-2009-жылдары Жыпар Жекшеев ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген. 2017-2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеген.

Жыпар Жекшеев Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна, демократиялык процесстердин тереңдешине чоң салым кошуп, «Ашар» менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицистикалык макалаларды жарыялаган.

Мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Ал Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты катары да демократиялык институттардын калыптанышына жана өнүгүшүнө мыйзамдык негиздерди түзүүгө активдүү катышкан. Сүрөтчү катары, КР ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы катары да маданияттын өнүгүүсүнө салымын кошкон.

Жыпар Жекшеев кайра куруу доорунда пайда болгон формалдуу эмес уюмдарды жаңы шартта, ачык иштеген уюмдарга айланышына жана мыйзам алкагында алардын аракеттенүүсүнө багыттаган.

Демократиялык көз караштагы жаштарды туура жолго багыттап, радикалдуу кадамдардан аларды сактап, КДКнын демилгеси менен Кыргызстанда тарыхый бурулушка багытталган демократиялык өзгөрүүлөрдүн тынчтык жолу менен өтүшүнө, жыйынтыгында көз карандысыз мамлекеттин кайра жаралуусуна өзгөчө салымын кошкон.

Жыпар Жекшеев өткөөл мезгилдеги демократиялык институттардын түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган демократ саясий жана коомдук ишмерлердин бири катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу эркиндикке умтулган жарандын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, А. Ж. Исмаилова, Б. Ж. Жакиев, Ж. С. Сааданбеков, А. Э. Эркебаев, Т.Тургуналиев, Д. А. Эсеналиев, А. М. Кененбаев, К. С. Дыйканбаев, Т. Т. Стамалиева, А.Жамангулов, Н.Ишекеев, Э. С. Каптагаев, С. Солтонгельдиева, Жайнак Үсөн уулу, А.Болгонбаев, С. Муканбетов, Р.Жусупова, Тынчтыкбек Чоротегин, П. Казыбаев, Ч.Базарбаев, Д. Нусупов, Садыр уулу Жумагазы, С. Мурзакулов, Турсунбек Акун, А. Ш. Мансуров, Канимет Жакыпбек тегин, С. Дыйканов, Д. Нусупов, М.Чекиров, Н.Жоошбаев, А. Ш. Осмоналиев, Э.Жантаев.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 21-июлда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн