Бугу 22, 2025
Убакыт: 18:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Жээнбеков казак президенти менен жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешти

04.05.2020 12:04
1339
Жээнбеков казак президенти менен жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик Аппараттын маалымат саясат бөлүмүнөн кабарлады.


Анда айтылгандай, мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерин, көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешкен.


Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси тууралуу пикир алмашышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн