Бүгүн 15-ноябрь экс-президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун туулган күнү. Туптуура 62 жашка толду.
Бул күндү да сиз мамлекет башчысы катары тосууга толук укугуңуз да, мөөнөтүңүз да бар эле. Тагдырдын жазмышы дейбизби, же 61 жаштын сыйкырыбы, айтор «Президент кетсин!» деген талабы да, лозунгу да жок митингдин аягындагы башаламандыктын натыйжасында президенттик ыйгарым укуктарыңызды өз каалооңуз менен өткөрүп берүүгө аргасыз болдуңуз. Ошол күндөн бери туптуура бир ай убакыт өттү. 15-октябрда президенттик кызматка киришкениңизге туптуура 3 жыл өткөндө бийликти өткөрүп бердиңиз.
Албетте, 3 жыл убакыт сиз үчүн да, өлкө үчүн да оңой жылдардан болгон жок. Сизге чейинки бийликтин акыркы жылдарында коңшулаш мамлекеттер менен болгон мамиле бир топ татаалдашып кеткен. Адегенде эле ошол коңшулук мамилелерди кайра калыбына келтирүү багытында күч үрөдүңүз. Сиздин тышкы саясатты туура жүргүзө алганыңыздын натыйжасында ачылбай жаткан чек аралар ачылып, ишкерлердин да, карапайым элдин да көйгөйлөрү чечилди.
Өлкөнү санариптештирүү багытында алгылыктуу иштерди жасадыңыз. Карапайым элдин жашоосу оңолуп, өлкө экономикасы көтөрүлүшү үчүн биринчи кезекте аймактарды өнүктүрүү зарылчылыгы бардыгына басым жасадыңыз. Албетте, бул баштаган саамалыктарды аягына чыгаруу үчүн дагы убакыт керек болчу. Тилекке каршы, аны аягына чыгаруу үчүн сизде убакыт жетишпей калды. Мөөнөтүңүздү аягына чыгаруу үчүн түзүлгөн саясий кырдаал жол бербеди. Бирок, чыйыр жол салынды. Аймактарды өнүктүрүү багытында бир топ иштер башталды. Өлкөнү санариптештирүү өз убагында башталганы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы да көрсөттү. Мектептер, жогорку окуу жайлары онлайн окууга өттү. Аралыктан окутууда санариптештирүү өзгөчө маанилүү болду.
Коррупцияга каршы күрөш жасалды. Бул күрөштү жасоо өтө татаал экенин бүгүнкү бийлик да мойнуна алып отурат. Кече жакында эле президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарын өткөрүп берген Садыр Жапаров «Коррупцияга каршы күрөш кыйын болуп жатат. Адегенде конституциялык реформа жасап, андан кийин бул күрөштү жасаш керек экен» деп айтты. Албетте, конституциялык реформа менен коррупцияга каршы күрөштүн кандай байланышы бардыгын коомчулук көп деле түшүнө албадык. Түшүнгөнүбүз чейрек кылымдан ашык убакыттан бери коррупция катуу чырмалышып калганы, бир башын «кесип» ыргытсаң, кайра эле башка жагынан «баш» чыга берери болду. Сиз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн достуктан да чегинүүгө аргасыз болдуңуз. Бул үчүн да сизди «досун сатты» деп айыптагандар чыкты. Эгер досуңузду коргоп чыкканыңызда мамлекеттин кызыкчылыгын досунун кызыкчылыгынан төмөн койду» дегендер да болот эле.
Айтор, үч жыл убакыт сиз үчүн өтө оор болду. Эми гана баары орду-ордуна келип, баштаган иштериңиздин үзүрү келе баштай турган учур болчу.
Сиз 15-октябрдагы жасаган кадамыңыз менен бийликтен да, мансаптан да элдин ынтымагын, адам өмүрүн, мамлекеттин бүтүндүгүн жогору кое турганыңызды далилдедиңиз. Бийлигиңизди сактап калууга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар эле. Бирок, сиз тарыхта бийлигин сакташ үчүн өз элине ок аткан, кан төккөн президент катары калууну каалабадыңыз.
Баардык окуяларга тарых өз убагында баасын берет. Сиздин тазалыгыңыз, адамгерчилигиңиз, жөнөкөйлүгүңүз, элге жакындыгыңыз, айкөлдүгүңүз келечек муун үчүн үлгү болуп калышы керек. Экс-президент катары жаштарга өз тажрыйбаңызды, акыл-насаатыңызды айтып, төрдүн көркү болуп жүрө беришиңизди каалайбыз. Уул-кыздардын, небере-чөбөрөлөрдүн урмат-сыйына бөлөнүп жашаңыз. Сизге бакубат жашоо, бактылуулук, узун өмүр каалайбыз.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)