11-февралда Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сѳз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, мамлекет башчылары үстүбүздөгү жылы Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча даярдык маселелерин талкуулашты.
Андан тышкары тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү боюнча үстүбүздөгү жылга карата биргелешкен пландарды белгилешти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн