Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жээнбеков менен Эрдоган илдетти жайылтпоого биргелешкен чараларды көрүүнү макулдашышты

01.08.2020 08:17
948
Жээнбеков менен Эрдоган илдетти жайылтпоого биргелешкен чараларды көрүүнү макулдашышты


Кечээ, 31-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчылары Курман айт майрамына карата куттуктоо сөздөрүн айтышып, боордош эки элдин аманчылыгын жана бакубатчылыгын тилешти.

Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандыктарга жана Сооронбай Жээнбековго коронавирус инфекциясы пандемиясынан каза болгон жарандарга байланыштуу көңүл айтты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча маселелерди талкуулашты. Режеп Тайип Эрдоган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кийинки кезектеги жыйыны Түркияда боло тургандыгын эске салып, мындан улам кыргыз кесиптеши менен жакында жолугушууга үмүт артарын билдирди.

Президенттер телефон аркылуу сүйлөшүү маалында ошондой эле коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында биргелешкен чараларды көрүү боюнча макулдашты.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн