Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жээнбеков менен Путин 27-февралда Москвада жолугат

26.02.2020 16:22
597
Жээнбеков менен Путин 27-февралда Москвада жолугат


Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.


Анын айтымында, жалпысынан Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө. Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт.


Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө.


“Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 млрд АКШ доллардан ашуун суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда. Президент Сооронбай Жээнбековдун 27-28-февралдагы Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Путин менен эки тараптуу жолугушуу күтүлүп жатат. Мындан сырткары, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган”, - дейт Сыдыков.


Данияр Сыдыков Эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилгендигин эске салды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн