Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 13:21
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

08.05.2020 18:36
968
Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү


Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтышкан.


Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиш — эркиндик жана көз карандысыздык үчүн жанын аябай күрөшкөн элдерибиздин жалпы мурасы болуп саналарын айтып, Экинчи Дүйнөлүк Согуш жөнүндөгү тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербөөгө багытталган аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилеген.


Сооронбай Жээнбеков ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, бул илдет менен күрөшүү боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулаган.


Мындан сырткары, Мамлекет башчылары  эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, ошондой эле көп тараптуу уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенишүү жаатында пикир алмашышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн