Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 01:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жээнбеков мэр Азиз Суракматов менен Бишкектеги абалды талкуулады

07.07.2020 17:17
1200
Жээнбеков мэр Азиз Суракматов менен Бишкектеги абалды талкуулады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаадагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Мэр Азиз Суракматов Бишкек шаарынын аймагында коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы 3434 адамдан лабораториялык жол менен тастыкталганын, республика боюнча ооругандардын жалпы санынын 42%ын түзөрүн билдирди.

Азиз Суракматов борбор калаада коронавирус инфекциясы менен ооругандар үчүн ар кайсы мекемелердин базасында кошумча койко-орундар уюштурулгандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, борбор шаардын бардык райондорунда 4 күндүзгү стационар ачылды, 3 миңден ашуун жаран медициналык жардам жана консультация алышты.

Бишкек шаарынын мэринин маалыматы боюнча, тез жардам унааларынын жетишсиздиги курч көйгөй бойдон калууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалга иштиктүү анализдин жоктугуна көңүл буруу менен, борбордогу бардык медициналык мекемелердин абалын, анын ичинде адистердин резервин иликтөө зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы бардык кайрылгандар өз маалында медициналык жардам менен камсыздалышы керектигин өзгөчө белгиледи. «Бул маселеде айрым адамдарга артыкчылык берилбей, медициналык кызмат баарына бирдей жеткиликтүү болушу керек», — деп баса белгиледи президент жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдаланууга, күндүзгү стационарлардагы узун кезектерди азайтуу үчүн кошумча ресурстарды тартууга жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн