Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жээнбеков санариптештирүү боюнча президенттик ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды атады

01.08.2020 14:20
1075
Жээнбеков санариптештирүү боюнча президенттик ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды атады


Акыркы эки жылдан бери өлкөнү туташ санариптештирүү саясатын жүргүзүп жатабыз. Негизги максат — калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн тармактарда адам факторун, коррупциялык элементти кыскартуу, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» курган маегинде.

Мамлекет башчынын айтымында, өзгөчө, калктын калың катмарын камтыган —  билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары, салык, бажы тармактары, элге социалдык кызмат көрсөткөн тармак толугу менен санариптешет.

“Биз негизги тармактарга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Ушул гана жол менен биз өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасир тийгизген коррупцияны кыскарта алабыз, азайта алабыз. Элди ашыкча, кереги жок түйшүктөн арылтып, ыңгайлуулуктарды түзө алабыз. Муну биз ойлоп тапкан жокпуз, бул дүйнөлүк практика. Биздин өлкө, албетте, абдан кеч баштадык, бирок акыркы эки жылда жарандарыбызга сезилерлик жылыштарды жасай алдык. Мындан ары да бул саясат жеке көзөмөлүмдө болот. Бул менин президенттик ишимдеги негизги багыттардын бири болуп саналат.

Ал эми билим берүү тармагын санариптештирүүнү алсак, ушул коронавирус пандемиясы бул процессти тездетти. Муктаждык жаралып, окутуу процесси толугу менен аралыктан окутууга өткөнгө шарт болду. Буга өттүк десем туура болот. Албетте, мугалимдерибиз өз иш милдетин аткарышты. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту. Баарыбыз тең көнүп калганбыз да. Балдарды окутуу, тарбиялоодо негизги милдетти, жоопкерчиликти мугалимдерге жүктөп келгенбиз.

Мына ушундан улам, албетте, ата-энелерибиз, айрымдары нааразы болушу мүмкүн. Баланы окутуудан тышкары башка үй тиричилиги бар, жумушта иштеш керек дегендей маселелер көп. Ошондуктан кээ бир наразычылыктар болууда”, - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, кечээ жакында билим берүү министринен жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалымат алды. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө.

Бирок, 1-класска келчү балдарды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айткан. Аларды аралыктан окутуу мугалимге да, ата-энеге да түйшүк алып келет деген ойдо. Ошондуктан, азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатышат.

Жалпысынан айтканда, билим берүү тармагын санариптештирүү уланат. Быйыл мына, мектеп бүтүрүүчүлөрү аралыктан жогорку окуу жайларга тапшырышты.

Менимче, ата-энелерге, балдарыбызга ыңгайлуу болду. Мурдагыдай, алыскы айылдардан 1 ай мурда Бишкекке келип, ата-эне түйшүк тарткан жок. Балдар ошол жашаган райондордон эле тандаган кесиби боюнча аралыктан тапшырып, бир топ ашыкча чыгымдан кутулушту. Адам факторунун кийлигишүүсү жоюлду. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик болду. Саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүүнү күчөтөбүз.

Көп пландар бар, болгону азыр пандемия шартында бир аз мурдагыдай темпте болбой, жайыраак ишке ашып жатат. Буйруса, элибиз түздөн-түз кайрылып, мамлекет кызмат көрсөткөн тармактын баарын санариптештиребиз. Бала төрөлгөндө алчу документтер, мүлк сатып алып каттаган жана башка, айтор күнүмдүк тиричиликте көп түйшүк алып келген нерселердин баарын тең, адамдын кийлигишүүсүн санариптештирүү менен жоебуз деген ниетибиз бар. Буга дагы жогоруда айтылгандай катуу көңүл бурулат", - деп белгиледи өлкө башчы.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн