Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жээнбеков спикерлик милдетин мыйзам чегинде, регламенттин негизинде алып барган

15.06.2021 14:58
1976
Жээнбеков спикерлик милдетин мыйзам чегинде, регламенттин негизинде алып барган


Бүгүнкү күндө Кумтөр иши боюнча коомчулуктун көңүлүн бурган бир топ сенсациялуу иштер жүрүп жатат, башкача айтканда кандайдыр бир деңгээлде кыйыр же түз катышы бар экенин изилдөөгө байланыштуу камоолор көпчүлүктүн көз кырында болуп, ар кандай пикир жаратылып жаткан кез. Албетте  “кылымдын кылмышына” айланган Кумтөр маселеси тыкыр изилденип, чекит коюлушу керек эле. Ошол жоопкерчиликтүү мезгил Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына туура келди. Ошол себептен дагы бүгүнкү камоолорго 5-чакырылыштын депутаттары тартылып отурат. Канчалык деңгээлде Кумтөрдүн кылмыш иштерине катыштыгы бар, – дыкат териштирилип сот чечим чыгараар. Менин айтайын дегеним, ошол кездеги спикер А.Жээнбековдун ишмердиги жөнүндө, беш жыл депутат, анын ичинде төрт жыл вице-спикер, А.Жээнбеков менен катарлаш отурган кесиптеш катары калыс пикиримди айтып коюууну туура кордум. 


А. Жээнбеков спикерлик милдетин мыйзам чегинде, Жогорку Кеңештин регламентинин негизинде  иш алпарганга  милдеттүү экенин, ошол эле учурда жыйындын жүрүшү, каралган маселелердин ирээттүүлүгү жана кабыл алуу тартибин жөнгө салуу милдетин кынтыксыз ишке ашыруу керектигин терең түшүнчү, ошол эле учурда башка депутаттар сыяктуу эле бир эле добушка ээ болчу. Ошол жааттан алып караганда Кумтөр маселеси кызуу талкууланып, кызыл чеке талаш-тартыш болуп атканда спикер катары жөнгө салып турууга милдеттүү болчу. 


Албетте ачык эле айтуу керек, Кумтөрдү мамлекетке алып элдин пайдасына чечүүгө, ошол кездеги бийлик каршы туруп, өкмөткө, анын ичинде Жогорку Кеңешке да басым жасалып турду. Маселенин каралышы, чечим кабыл алынышын толук бойдон бийлик өз көзөмөлүнө алган болчу. Ошонун негизинде Парламенттин табияты өзгөрүп, көпчулүк депутаттар 7-кабаттын музыкасына бийлеп турганда бир гана добушка  ээ болгон спикердин ошол кездеги аракетинен башканы күтүүгө, депутаттык комиссиянын чечимине парламенттик көпчүлүктү  А.Жээнбековдун ынандыруусу  мүмкүн эместиги белгилүү болуп калган. Албетте бир ууч депутаттар күткөндөй жыйынтык болбой калды. Ал нерсеге жалгыз А.Жээнбековду күнөөлүү деп айтуу туура эмес. Спикер катары жөнгө салып  калыс алып барганга аракет кылды, бирок добуш берүү ар кимдин эрки болгондуктан,  депутаттык комиссиянын чечими кабыл алынбады, экинчи жолу өкмөттүк комиссия түзгөндү жогору жактан демилгелеп, көпчүлүк депутаттар  макул болуп, алтургай комитеттерде  биргелешкен чечим кабыл алып, жыйынга алып чыкканга үлгүрүштү. Менин баамымда,- А.Жээнбековдун өзүнө деле басым күчтүү болуп турду. Ошондуктан, ошондой иш аракетти кармануудан башка жол жок  болчу, анткени  А.Жээнбековдун өзүнө караштуу, сөзү өтө турган депутаттар деле  7-кабат менен түз сүйлөшүп, чай ичишип, түштөнүүгө чогуу барып, койун-колтук алышып калган учур болчу. Фракция башчысы Ч. Турсунбековдун сүйлөгөнү, спикерге карата өктөмсүнгөнүнөн эле көрүнүп турчу,  арык каякты карай чабылып атканы. Мына эми мезгил келди,-  А.Жээнбеков өз чындыгын айтып, акты  ак, караны  кара деп, кимдин кандай позицияда болуп, эмненин негизинде чечим кабыл алынганын ачык айтып, Кумтөрдөгү аферага чекит койгонго. Сессияны алып баруу, добуш берүүнүн жыйынтыгы жана чечим кабыл алуу боюнча А.Жээнбековго күнөө коюуу аша чапкандык болуп калат, анткени 5-чакырылышта ушундай айып спикер А.Келдибековго дагы коюлуп, депутаттарды эле эмес бүтүндөй коомчулукту таң калтырып, кийин сотто далил табылбай өндүрүштөн алынып ташталган. Анткени добуш бергени, залда сүйлөгөн сөзү  үчүн эч бир депутатт жооп бербейт, жоопкерчиликке тартылбайт жана көтөрүлгөн маселени ирээти менен добушка коюуу спикердин милдети. Эгерде спикерлик милдетинен башка Кумтөрдүн былык иштерине катышы жок болуп, сотто далилденсе, А.Жээнбеков өзүнүн акыйкаттыгына мыйзам чегинде жетет, ошол эле мезгилде бир топ жагдайлар ачыкталат, анткени спикер катары  Кумтөрдүн айланасындагы иштерди ичинен жакшы билет (айтылчу дагы, айтылбай турган дагы). Ошондуктан ачык айтып, чындыкка тике карап акыйкаттыгына жетет деген ойдомун, ошол эле учурда бул мезгилдин талабы. Канткен менен  дагы Кумтөргө чекит коюлуп, элге пайда апкелип, мамлекеттин көзөмөлүндө болуусун А.Жээнбеков деле терең түшүнүп турат. Убагында  “токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет”- дегендей болду  эле  да.


Бөдөш Мамырова, экс-вице-спикер

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн