Бүгүн, 12-октябрда парламенттик шайлоого аттанган "Альянс" партиясынын съезди өтүп жатат.
Партиянын съездинде бир топ азыркы жана мурдагы чиновниктерди көрүүгө болот. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова Абдывахап Нурбаев,Дастан Бекешев, Нурбек Мурашев, Сайдулла Нышанов, Дүйшөн Төрөкулов, Гүлкан Молдобаева жана Таабалды Тиллаев бар.
Мындан сырткары, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Эльдар Абакиров жана журналист Эрнис Кыязов да съездге катышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн