Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жегендер тутулуп калса төлөп коюп кутула береби?

09.02.2021 11:49
778
Жегендер тутулуп калса төлөп коюп кутула береби?


Акыркы кездери ири коррупциялык иштер менен камакка алынгандар четинен “үй камагы” деген жүйө менен бошотулуп, ага келтирген зыянды төлөдү деген себеп айтылууда. Бүгүн, 9-февралда Финполициянын мурдагы төрагасы Бакир Таиров 20 млн. сом мамлекетке кайтарып туруп үй камагына чыга турганы маалымдалды. Мурдагы күнү ушул эле кызматтын жетекчисинин орун басары болуп жүргөн Эмил Жамгырчиев бошотулду. Ал да уурдаганын кайтарды деген жүйө менен коё берилгени маалымдалды.


Келтирген зыянды кайтаруу, аны ордуна коюу туура маселе. Азыркы күч кызматкерлеринин бул аракети колдоого аларлык көрүнүш. Бирок, коррупционер экенин моюнга алып, уурдаган акчасын алып чыгып жаткан адамда коё берген канчалык туура? Эгер аларга чындап эле боору ооруй турган болсо жок дегенде келтирген зыянды 4-5 эсе кылып кайтарыш керек да. Казына толо тургандай кылып. Болбосо бул көрүнүштөн жаман өнөкөт башталып кетиши ыктымал. “Жей бериш керек, тутулсак кутулабыз, кармалбасак бизде калат” деген түшүнүк пайда болбойбу?  Бул ойлондура турган маселе.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн