Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жеңиш Разаков өзүнүн дарегине айтылган сөздөрдү жокко чыгарды

21.01.2020 16:48
791
Жеңиш Разаков өзүнүн дарегине айтылган сөздөрдү жокко чыгарды

Буга чейин чек ара боюнча өткөн митингде, айрымдар вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду айыптап, анын отставкасын талап кылган. Ж.Разаков 21-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өзүнүн дарегине айтылган сөздөрдү жокко чыгарды.

Ал өз сөзүндө бул митингди ким уюштурганын жана кимдер каржылаганын, анын аты-жөнүн да жакшы билээрин, муну тиешелүү органдар текшерип көрүүсү зарылдыгын айтты. “Менин дарегиме айтылгандардын баары калп. УКМКнын менин Тажикстандын атайын кызматы менен эч кандай байланышым жоктугун далилдеген текшерүү жыйынтыгы бар. Албетте, Баткенде ар бир айылдын көйгөйү жетиштүү. Бирок, ал маселелер ар ким туугандарын митингке чыгаруу менен чечилбейт”,- деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн