Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жеке ишкер Нарын ооруканасына тез жардам унаасын жана 8 баланын атасына үй алып берди (фото)

23.07.2020 10:47
2077
Жеке ишкер Нарын ооруканасына тез жардам унаасын жана 8 баланын атасына үй алып берди (фото)


 

Жеке ишкер Нурлан Омкеев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам кызматы үчүн “Honda Stepwagon” автоунаасын, учурда керектүү болуп жаткан дары-дармек жана медициналык каражаттарын белек кылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.



Бул берилген жардамды облус башчысы Эмилбек Алымкулов, оорукана жетекчиси Чынгыз Нарынбеков жана Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров тосуп алып, оор учурда жардам берип жаткан демөөрчүгө терең ыраазычылык билдирди.

 


Мындан сырткары Нурлан Омкеев Нарын шаарынын тургуну, 8 баланын атасы, мүмкүнчүлүгү чектелген Болот Солпиевге үй сатып берди. Анын 5 баласы өз күчтөрү менен жогорку окуу жайга тапшырып, учурда бюджеттик негизде окушат. Алардын төртөө эркин күрөш менен машыгат.



"Биз Болот агага балдарынын арасынан Улукбек Жолдошбековдой дүйнө чемпиондору чыксын деген максатта Улукбектин үйүн алып бердик", - деди жеке ишкер.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн