Жеке ишкер Улан Бакасов Нарын облустук бириктирген ооруканасына 30 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жеке ишкер Нарын жаштарынын кайрылуусу менен 11-июлда облустук бириктирген ооруканасына 30 кычкылтек концентраторун берди. Эми дагы ар бир районго жардам бермекчи.
Улан Бакасов буга чейин облустук бириктирген ооруканасына тез жардам унааларын берсе, шаар тургундарына бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн