Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:27
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Жеке ишкер укугунун корголгонуна Башкы прокуратурага ыраазычылык билдирди

03.09.2021 10:50
581
Жеке ишкер укугунун корголгонуна Башкы прокуратурага ыраазычылык билдирди

Жеке ишкер О.Баялиева бузулган укугу мыйзам чегинде калыбына келтирилгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушевге терең ыраазычылыгын билдирди.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.



2021-жылдын 21-июль күнү жогоруда аты аталган ишкер айым Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын онлайн кабылдамасына электрондук кат жөнөткөн. Анда, О.Баялиева «Саячык» көмүр кенин казып иштетүү үчүн мамлекеттик лицензиясы бар экендигине карабастан, Ак-Талаа районун Ак-Чий айыл өкмөтүндө жайгашкан көмүр кенин иштетүүгө, ушул эле айылдык кенештин депутаттары каршы болуп, ага жер тилкесин бербөө тууралуу чечим кабыл алышып, анын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып жаткандыктарын айтып, өлкөнүн биринчи көзөмөл органынан өз укугун мыйзам чегинде коргоп берүүнү суранган. 


Президенттин жарлыгынын негизинде, прокуратура органдарынын кийлигишүүсү менен жогорудагы мыйзамсыз чечим жокко чыгарылып, ишкер О.Баялиевага көмүр кенин иштетүү үчүн жер аянты бөлүнүп, иш баштоого жол ачылган.   


Прокуратура – бул адам оор мүнөттө кайрылган орган. Жарандар мындай учурда өлкөнүн башкы көзөмөл органынан ар дайым колдоо табарына, ал эми алардын мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголо тургандыгына терең ишенүүгө тийиш. Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мамлекетте мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуу жана укук тартиптерди бекемдөө бул биздин негизги принциптердин бири деп билдиребиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн