Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жеке ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

19.11.2021 18:39
821
Жеке ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды


2021-жылдын 18-ноябрь күнү мурда бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 39 жаштагы Дж. А., аттуу жаран жеңил акча табуу максатында, жеке ишкерден опузалап акча талап кылып жаткан жеринен Ноокат РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу  Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Кармоо учурунда жанынан 22 000 сом акча табылып, далил буюм катары алынган. Ал эми кылмышка шектүү Ноокат РИИБдин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка шектүү жарандын башка кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Аталган факт Ноокат РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекстин 203-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Кылмышка шектүү, жабырлануучунун чет өлкөгө ири суммадагы товарларды жөнөтүп тургандыгынан кабардар болгон.


2021-жылдын 17-ноябрь күнү Ноокат районунун тургуну 32 жаштагы И. З., аттуу жаран Ноокат РИИБге арыз менен кайрылган, анда ага бей тааныш болгон жаран аны коркутуп 200 000 сом акча талап кылып жатканын билдирген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн