Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев муниципалдык кызматкерлерге корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө жана көп санда чогулууга тыюу салды. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.
Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты жеке компаниялар тууралуу суроо салды.
“Мен аларга тыюу сала албайм” – деди Түлөбаев.
Депутат массалык жыйындар коронавирус пандемиясы учурунда тобокелчиликтерге алып келиши мүмкүн экенин билдирди.
Балбак Түлөбаев буга макул болуп, кафе-ресторандар үчүн иштелип жаткан алгоритм жөнүндө айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн