Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Медициналык коргонуу каражаттарын алууга 188 млн сом бөлүндү

08.05.2020 15:47
1084
Медициналык коргонуу каражаттарын алууга 188 млн сом бөлүндү


Кыргызстанда медициналык жеке коргонуу каражаттары жана бет каптардын запасы жетиштүү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн, 8-майда онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө коомчулукта жеке коргонуу каражаттары боюнча ар кандай маалыматтар тарап жатат.


Вице-премьер-министрдин маалыматында, 7-майга карата саламаттыкты сактоо уюмдарында бир жолку кийилүүчү коргоо костюмдарынан 52 миң 886 даанасы бар, көп жолу коргонуу костюмдардын саны 19 миң 524 даана, респираторлордун запасы 98 миң 406 даана болсо, ал эми бет каптын 1,5 млн даанага жакын запасы бар.


А.Исмаилова кошумчалагандай, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 188 млн жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүнүп берилген. Эпидфонд тарабынан дагы жеке коргонуу каражаттары сатып алынып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн