Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүнү тездетүү зарылдыгы туулду (фото)

09.06.2020 13:47
988
Жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүнү тездетүү зарылдыгы туулду (фото)


Ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү зарыл. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы


Саламаттыкты сактоо министри өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу отчет берип, эң актуалдуу маселелерди белгиледи.


Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү медициналык багыттагы, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды жана медициналык жабдуулар боюнча ата мекендик өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселени талкуулашты.


Белгилүү болгондой, учурда жеке коргонуу каражаттары боюнча тиешелүү сапат стандарты иштелип чыкты. Тармактык мамлекеттик органдарга ыкчам штабдын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетүү милдеттендирилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн