Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жеке лабороториялар калк арасында иммуноферменттик анализ жүргүзүүдө

24.07.2020 10:23
944
Жеке лабороториялар калк арасында иммуноферменттик анализ жүргүзүүдө


Коронавирус инфекциясынын Кыргызстандагы так санын билүү үчүн жеке лабороториялар калк арасында иммуноферменттик анализ жүргүзүүдө. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

 

“Бүгүнкү күндө илдеттин тастыкталган 31 247 учуру катталды. Бул болсо калктын 0,5 пайызын түзөт. Калк арасында ооруну симптомсуз өткөргөндөр бар. Мындан улам калк арасында канча адам ооруп жатканын билүү үчүн жеке менчик лабороториялар иммуноферменттик анализ жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы Саламаттыкты сактоо министрлигинде катталып,  Кыргызстанда канча пайызыга таркагандыгы тууралуу маалымат берилет. Андан сырткары аймактарда Дүйнөлүк саламатыткты сактоо уюму менен биздин министрликтин кызматкерлери иммуноферменттик анализ жүргүзүп баштады”, - деди Акматова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн