Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 16:33
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Желектин автору Матаев алгач желектин 4 варианты сунушталганын, анын үчөө көк түстө экенин айтты

19.12.2023 15:13
480
Желектин автору Матаев алгач желектин 4 варианты сунушталганын, анын үчөө көк түстө экенин айтты


Эки долбоор иштелип чыгып, иштин жыйынтыгында желектин 4 варианты сунушталган, деп билдирди желектин авторлорунун бири Жусуп Матаев кесиптеши Бекбосун Жайчыбековго комментарий берип жатып.


Жайчыбеков 19-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Матаев тууну иштеп чыгууга алгач тиешеси жок болгонун экенин билдирген.


Матаевдин айтымында, 4 варианттын ичинен 3 түстү өзгөртүү укугу жок көк болгон, бир вариант үч түстө сунушталган.


«Комиссия варианттарды кабыл алып, үч вариант мүмкүн болбогондуктан иш токтотулган. Мен ак, жашыл жана кызылды сунуш кылдым. Эки вариантта тең түндүк болгон. Шеримкулов баарыбызга тууда түндүк болуш керек деп айтты. Бешөөбүздү чогултуп, долбоорду чогуу бүтүрөлү деди. Жайычыбеков мен башында жок экенимди кайдан алды? Баарыбыз Шеримкуловго варианттарды бергенбиз», — деди желектин автору.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн