Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:55
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Жемкорлор менен бандиттерди жок кылууда туура эмес кадамдар болуп жатат

11.03.2021 08:59
697
Жемкорлор менен бандиттерди жок кылууда туура эмес кадамдар болуп жатат


Урматтуу Садыр Нургожоевич!


Урматтуу Камчыбек  Кыдыршаевич!


Жемкорлор менен бандиттерди жок кылууда туура эмес кадамдар болуп жатат!


Бир нече  "Миллиарддаган $ доллар" уурдаган жемкорлор, коррупционерлер миллиард сом төгүп коюу менен,  Өлкөбүз жемкорлордон тазаланбайт.


Ал үчүн, жеген-ичкендерин толук, эселеп төктүрүп, үй-мүлкүн конфискациялап, өздөрүн түрмөгө  бир канча жылга соттогондо гана алардан арылмакбыз, кутулмакбыз, тазаланмакбыз.


Мындан ары андай иштерге баруу,  кан буугандай токтомок!


Эгер  бир нече миллиарддаган $ долларды уурдап, коррупцияга баргандар миллиард сом төгүп, анан  соттон 260миң сомго штраф төлөп кутула беришсе, анда мындан ары деле коррупциялык иштер, жеп-ичүүлөр, жемкорлуктар токтобойт.


Себеби: миллиард $  уурдаса, миллиард сом менен кутулуп кете беришет.


Андыктан  Садыр, Камчыбек инилерим,  аларга карата жумшактык кылбагыла, аларды аябыгыла.


Алар элди, журтту, мамлекетти аяшса, ойлошсо минтеп талап-тоноп, жеп-ичишип, жемкорлукка барышып, коррупциялык  "СХЕМАЛАР" менен алектенишмек эмес!


Элибиздин 1/3 бөлүгү өлбөстүн күнүн көрүш үчүн, бакыт издеп, башка өлкөлөргө тентип кетишмек эмес.


Мамлекетибиз минтеп 5 миллиард $ га  карызга батып, таланып - тонолбойт эле.


Андыктан,  аларга эч качан аёо, кечирим болбошу керек.


Садыр, Камчыбек инилерим, кайратыңардан жазбай, коркпой - этпей, катуу чараларга барып,  мыйзамдын алкагында аларды   катуу жазалаганда гана,   тазалануу жүрмөк.


 Мындай кадамга барсаңар, Силерди - эл-журт түп көтөрүлүп колдоп-коргоп алмак.


Коррупционерлерди аяй турган болсок, анда  алардан эч качан кутулуу мүмкүн эмес!


Ошондуктан мыйзамдын өтө оорун колдонуп, ичкен- жегендеринин эселеп төктүрүп, андан соң бир нече жылга соттоп, үй- мүлктөрүн конфискациялап койсоңор гана коомубуз, Өлкөбүз бул  жегич - иттерден тазаланмак.


Коррупционерлерге айыбы угузулганда коррупция беренеси гана коюлуп жатыптыр, бул туура эмес деп ойлоймун. Кызмат  абалынан кыянат пайдалануу, кызматынан аша чабуу жана  алдын - ала уюшуп, бир нече адам менен  кылмышка баруу беренелери да коюлса туура болмок.


Жалгыз адам,  килтейген коррупциялык ишти жүргүзүп, " СХЕМА" түзүшү мүмкүн эмес да.


Тергөө да бир тараптуу жүргүзүлүп, коррупционерлердин пайдасына иштеп жаткандай туюлат.


Коррупционерлерге, жеп-ичип жемкорлукка баргандарга  аёо, жумшактык жарашпайт. 


Өздөрүнө жараша мамиле колдонуу зарыл!


Менин сунушумду, ой-пикиримди туура түшүнүү менен кабыл алып, бул боюнча тыянак чыгарсаңыздар жакшы болоор деймин.


Пенсионер Токобаев Исмаил Төлөгөнович.

10.03.2021- жыл. Сокулук району. Селекция айылы. Тел.0705 662852.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бек
Колдорунан бок келбейт